"Тайсондун" байгеден уткан Mercedes-Benz унаасына араң жеткен видеосу

Жазылуу
Канат Келдибеков кечээ 66 килограмм салмактагы мыкты мушкерлердин мелдешинде төрт каршылашын жеңүү менен чемпион аталып, баш байге катары чемпиондук курга жана автоунаага ээ болгон.

"Тайсон" каймана аты менен таанымал ММА мушкери Канат Келдибековдун WEF Grand Prix турнириндеги жеңишинен кийин Кожомкул атындагы Спорт сарайынан чыгып, калың элден араң суурулуп өтүп, байгеге алган Mercedes-Benz унаасына түшкөн видеосу тарады.

Аны "Спорт мейкиндиги" YouTube каналынын автору Токтомуш Жекшенбай уулу жүктөгөн.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?
Эске сала кетсек, кечээ, 21-мартта, Кожомкул атындагы Спорт сарайында аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix мелдеши өттү. Турнирге бир гана 66 килограмм салмактагы кыргыздын алдыңкы мушкерлери катышты. Мелдештин өзгөчөлүгү спортчулардын 8/1 финалдан баштап күч сынашканы болду. Жалпысынан 14 мушкер бири-бири менен беттешти.

Жыйынтыгында Канат Келдибеков жеңүүчү деп табылды. Ал жалпысынан төрт беттеш өткөргөн.

Келдибеков 8/1 финалда Бекмамат Абдибаит уулун техникалык нокаут менен утса, чейрек финалда калыстардын чечими менен Бекболот Абдылда уулун жер каратты. Ал эми жарым финал Келдибеков үчүн эң кыйын кармаштардын бири болду. Оор соккулары менен эл оозуна алынып келе жаткан Алимардан Абдыкааровду муунтуу ыкмасы менен гана жеңе алды. Финалдык беттештин биринчи раундунда Немат Абдрашитовду дагы муунтуу ыкмасы менен утту.

27 жаштагы Канат Келдибеков аралаш мушташ (ММА) боюнча белгилүү мушкерлердин бири. Карьерасында 12 мелдешти утуп, төрт ирет жеңилген. Былтыр беделдүү делген "Ахмат" лигасы менен келишим түзгөн.

Sputnik "Тайсондун" үй-бүлөсү жана жашоосу тууралуу видеоматериал даярдаган. Анда спортчу 6 жаштагы уулун дарылоого жардам сураган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0