Жетишпей калышты. Аңчы менен иттерден корккон бугунун жүрөгү жарылып кетти. Видео

Жазылуу
Жүрөктү ооруткан бул окуя YouTube каналына жарыяланган.

Окуяда активисттер менен аңчынын ортосунда кайым атышуу болуп кеткенин көрүүгө болот. Бутага бугу алынган. Аңчылык учурунда кыйкырып, ызы-чуу кылган жаратылышты коргоочулар бугуну денеси менен жаап, сактап калууга аракет кылган. Ал эми видеодон бир үйүр болгон иттерди жана куралчан кишини көрүүгө болот.

Элдин жаныбарды коргогон мындай реакциясы аңчыга жакпай, асманга эскертүү иретинде ок атып кыйкырып жатканын угууга болот.

"Мага биринчи болуп келген киши өлүккө айланат. Мени видеого тартып жатканыңарды урганым да жок. Иттериме тийбегиле, аларга кол салып жатасыңар. Мен өзүмдүн иттеримди коргошум керек!" — деген.

Бөкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Полициянын капитаны 30дай бөкөн атып кармалды. Казакстандагы окуянын сүрөтү
Активисттер кишинин жапайы жаныбарга зыян келтирүүгө акысы жоктугун айткан. Бир жагынан аңчынын, бир жагынан ызы-чуу, кыйкырык менен коштолгон кишилердин чуусу жаныбарды биротоло багытынан адаштырган. Көп алыс барбай эле бугунун жүрөгү кабынан чыгып өлгөнүн көрүүгө болот деп жазган "National Geographic Россия".

Францияда аңчылык мыйзамдаштырылган. Ал үчүн тиешелүү уруксат кагазы болгону жетиштүү. Жаныбарларды жиниктирип кууп атып алууну аталган өлкөнүн азыркы президенти Эммануэл Макрон да жакшы көрөрү маалыматта жазылган. Мамлекет башчы аңчылыкты Франциянын тарыхый каада-салты деп атаган жайы бар.

Жакында эле лицензия алууну жаңылаган реформа жүрүп, анда уруксат кагазынын наркы 400дөн 200 еврого чейин түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0