00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Турникке тартынып, самбого түшүп... Милиционерлердин машыгуу учурунан видео

Жазылуу
Өлкөдөгү тартипти сактап, жарандарды коргоодо милиция кызматкерлеринин дене тарбия даярдыгы өтө зарыл. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстандын ички иштер органдарынын спорттук машыгуусун тартып келди.

Машыгуу ИИМдин "Динамо" спорттук базасында өтүп, видеого түшүү үчүн ар кайсы башкармалыктын милиция кызматкерлери эки саатка чогулуп берди.

Ведомствонун кадрлар башкы башкармалыгынын дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Изатбек Чалабаев күч түзүмдөрү милдеттүү түрдө спорт менен алектениши керектигин айтып берди.

"Буйрук боюнча кызматкерлер жумасына эки жолу эки сааттан кем эмес машыгуусу керек. Программада турникке тартынып, пресс жасап, чуркап, ченемдерди (норматив — ред.) тапшыргандан сырткары эң бир керектүү делген күжүрмөн самбо каралган. Бул спорт өзүңдү жана жарандарды коргоодо, тартип бузгандарды колго түшүрүп, кээде алардын соккуларынан буйтап, каршы аракеттерди жасоодо абдан керек. Мындан сырткары, кылмышка шектүүнү кармаганда колун кантип байлап, кишен салуу керектигин үйрөтөбүз", — деди Чалабаев.

Ал белгилегендей, кызматкерлер жылына эки жолу — күзүндө жана жазында дене тарбия боюнча нормативдерди тапшырат.

Ички иштер министрлигинин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясы - Sputnik Кыргызстан
Гашиш менен апийим кантип айырмаланат? ИИМ лабораториясынан репортаж
"Норматив тапшырууда жаш куракка көңүл бурулат. Мисалы, 20-25тегилер турникке тартынса, 40тан өткөндөр жерден жасашат. Кыздар ичке пресс кылат. Чыдамкайлыктарын текшерүүдө кыздарды бир, балдарды үч чакырымга чейин чуркатабыз. Аба ырайына жараша ачык жана жабык имараттарда өткөрөбүз. Нормативдерди штаттагы кызматкерлерден сырткары жумушка жаңы кирем дегендер да тапшырат. Сыноодон өтпөй калгандарды кийинки этаптарында кабыл ала беребиз. Бирок көбү биринчисинде эле мыкты экендигин тастыктай алат", — деди башчы.

Чалабаев кандай учурда машыгуудан баш тартууга боло турганын айтып берди.

"Милиция кызматкерлери ооруп, ден соолугун калыбына келтирип жаткан болсо, аялдар кош бойлуу учурунда машыкпай кое алат. Бирок, албетте, медициналык тастыктамасы болушу керек. Ошондой эле спорт менен профессионалдуу түрдө алектенип, курама командада өлкө намысын коргоп жүргөндөр башкармалыктын уруксаты менен бошотулат. Мындан сырткары, мамлекеттеги өзгөчө кырдаалдарга карап күчөтүлгөн тартип киргизилсе, спорттон мурда ишибиздин кызыкчылыгына көңүл бурабыз", — деди Чалабаев.

Кадрлар башкы башкармалыгынын дене тарбия бөлүмүнүн башчысы Изатбек Чалабаев кошумчалагандай, кызматкерлердин арасында шыгына жана кызыгуусуна жараша спорттун кошумча түрлөрү менен алектенгендер арбын.

Жаңылыктар түрмөгү
0