Топ эчкинин жоругу. Чуркаган адамдын артынан калбай ээрчип алгандагы видео

Жазылуу
Бул видео YouTube каналына жарыяланды.

Окуя АКШнын Миссури штатындагы Гейнсвилл шаарында болгон.

"Жолдон чуркап келе жатсам, жайылып жүргөн эчкилер мени байкап калып артымдан ээрчип алышты", — деп жазган ал жигит комментарийге.

Анын айтымында, бул жаныбарлар бир топ жерге чейин кошо барган.

"Мынча малдын ээрчип алганын байкап, аларды жайылып жүргөн жерине айдап жиберүүгө аракет кылдым. Токтоп калганымды көрүп алар да токтоп, мени тиктеп тура беришти", — деп айтып берген.

Ал киши топ эчкиден жолдо кезиккен жайыттагы кашаага аларды камап кетип кутулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0