3 млн. сом насыяны кантип төлөйм?! "Ош" базарындагы сатуучулардын арыз-муңу

Жазылуу
Бүгүн "Ош" базарынын ичиндеги "Берекет" кичи базарынын азык-түлүк жана айна-самын саткан бөлүгүндө соода болгон жок. Сатуучулардын бардыгы администрацияга нааразы болуп митингге чыгышты.

Окуянын жүрүшү жана соодагерлердин талаптары менен кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева таанышып келди.

"Берекет" кичи базарынын күн батыш тарабындагы айна-самын, азык-түлүк саткан бөлүгүнүн жүздөгөн сатуучулары бүгүн соодаларын токтотуп митингге чыгышты. Айтымдарында, администрация аларды мажбурлап жаңы жылга чейин "Берекеттин" өрттөнгөн бөлүгү жагына салынып жаткан имаратка көчүү талабын коюп жатат.

Бирок "соода борбору болот" деген имараттын курулуш иштери жаңы жылга чейин бүтө турчудай эмес.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Махмуд Губайдуллин жаңы салынып жаткан имарат эксплуатацияга бериле электигин айтып, ал жакта соода кылуу кооптуу деп эсептейт. Мындан улам сатуучулар курулуп бүтө элек имаратка көчүүгө макул эмес.

"Базардын администрациясы жаңы жылга чейин сатуучуларды али курулуп бүтө элек имаратка көчөсүңөр деп мажбурлап жатат. Бирок курулуш эксплуатацияга али бериле элек. Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттиги же техникалык коопсуздук боюнча органдын көзөмөлүнөн да өткөн эмес. Анан кантип сатуучулар текшерилбеген имаратка барып соода кылат? Элдин азыркы талабы — базарды ордунда калтыруу. 22 жылдан бери жакшынакай шартты өзүбүз эле түзүп иштеп жатабыз. Жок дегенде 3 жылга чейин базарга тийбей ордунда калтырышсын. Анткени арабызда насыя алып соода кылып жаткандар бар. Жаңы жылга чейин эч ким товарын сатып бүтө албайт. Башында администрация жаңы курулуп жаткан имараттан орундарды 2000 доллардан сатып аласыңар деген талапты койгон. Бүгүн кайра бекер деп калыптыр. Бирок биздин башкы талап базарды жок дегенде 3 жыл ордунда калтыруу", — деди Губайдуллин.

Администрациянын чечимине нааразы болгондор кичине убакыт берүүнү суранышууда.

Торговцы Ошского во время митинга против закрытия их торговых точек - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты
"Митингге чыккандардын алды бул базарда 25, арты 15 жылдан бери иштейт. Бул аралыкта бизге администрация кыйратып бир шарт түзүп берген жок. Өз арбайыбызды өзүбүз согуп жатабыз. Мамлекет баарын жеке ишкерлерге өткөрүп берген. Алар болсо каалагандай калчашат. Ижара акысы кымбат соода борборуна барып алсак, албетте, товар дагы ошончо кымбат болот. Анда бизге кардар келбей, ишибиз жүрбөй калат. Пенсионер, айлыкка жашагандын баары арзан деп бизден соода кылат. Жок дегенде алган насыяларды төлөп алалы, убакыт берсин. Анан каалагандар даяр болгон соода борбордун ичине көчө берет", — деди сатуучулардын бир Назгүл Маманова.

Бактыгүл аттуу айым насыя алып "Берекет" базарынан конфет-печенье саткан дүкөн сатып алган. Ошол кезде администрация менен 2020-жылга чейин дүкөндү иштетем деген келишим түзгөн. Бирок ал убакытка жетпей жетекчилик келишимди жокко чыгарып анын дүкөнүн түрттүрөбүз деп жатат. Төрт баланы жалгыз баккан эне учурда кимге кайрыларын билбей жүргөн чагы.

"2015-жылы үйүмдү күрөөгө коюп 3 миллион сомго жакын насыя алгам. Ал каражатка атайын конфет-печенье саткан дүкөндү алып, администрация менен 2020-жылга чейин иштетем деген келишим түзгөнбүз. Эми администрация келишимде көрсөтүлгөн убакытка жеткирбей дүкөндү бузуп жатат. Асман чапчыган акчаны эми кантип төлөйм, башым катты. Күйөөм болсо инсульт алып төшөктө, ай сайын 45 миң сомдон насыяны жалгыз жабам. Жаңы салынып жаткан соода борборго көчкүчө товарлар эскирет, кардарларды жоготобуз жана ал жактын ижара акысы да кымбат болот", — деди Бактыгүл.

Базардын администратору Эсен Саматбаев болсо, митингди бир эле киши өз кызыкчылыгы үчүн уюштуруп жатканын айтып, элди соода борборго жакын арада көчкүлө деп эч ким кыйнабаганын кошумчалады.

Өрт өчүргүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атайын өрт коюлушу мүмкүн. ИИМ "Ош" базарындагы өрт боюнча ишти сотко жөнөттү
"Митингди Махмуд деген биз менен эки жыл мурун соттошуп, муздаткычын алдырып жиберген киши өз кызыкчылыгы үчүн уюштуруп жатат. Ал элдин башын айлантып эки-үч күндөн бери баарына барак берип "жаңы имаратка көчсөңөр, ижара акыңар кымбат болот" деген туура эмес маалыматтарды таратып жүрөт. Сатуучулар буга чейин "жаңы имарат бүтсө эле көчөбүз, ошону эле күтүп жатабыз" деп айтып жатышкан. Биринчиден, жаңы соода борборуна көчкөндө ижара акысы бул жактан көп болсо 5-10 сомго кымбат болот. Ижара акы 5 тарифтик типте төлөнөт. Алсак, чарчы метри 60-70-80-100-120 сомдук орундар бар. Аны ар бир сатуучу шартына карап тандап алат. Экинчиден, биз азыр эле бүтө элек имаратка көчүрөбүз деп эч кимди мажбурлаган жокпуз. Архитектурадан келип текшерип, эксплуатацияга бергенден кийин гана киребиз. Имаратты салып жаткан компания 10-декабрга чейин бүтөбүз деп жаткан. Бирок бүтүрө алышпайт го. Баарына кенен орун берилет. 1-кабатта азык-түлүк сатылса, 2-кабаттан айна-самынга орун берилет. Эт, сүт азыктары болсо, жер төлөгө жайгаштырылат. Эгер сатуучулар имараттын ичинен соода кылбайбыз десе, биз сырттан орун таап бергенге аракет кылабыз. Орундар сатылган жок, өзүбүздүн соодагерлерди толугу менен жаңы борборго жайгаштырууга аракет кылабыз", — деди Саматбаев.

Базар жетекчилигинин айтымында, учурда "Берекет" базарынын күн батыш бөлүгүндө 1500ге чукул адам иштейт.

Окуянын жүрүшүнө Sputnik Кыргызстан агенттиги көз салып турмакчы.

Эске салсак, "Ош" базарынын аймагындагы биринчи өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон. Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Экинчи жолку өрт 5-март күнү кечке маал башталган. Жалын 700 чарчы метр жерди жалмаган.

Ал эми 13-апрелге караган түнү базардан үчүнчү ирет өрт чыгып, 2500 чарчы метр жер күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0