Уранды алдында калган кыргыздар Сахалинге бир жума мурда эле барган. Чоо-жайы

Жазылуу
Уранды алдында калган эки кыргызстандыктын сөөгү бир суткадан кийин табылды.

Сахилинде эски заводдун чатыры басып калган экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Сахалиндеги кыргыздардын "Биримдик" диаспорасынын төрагасы Эшимбет Толбаев кабарлады. 

© Фото / Эшимбет КолбаевОбрушение здания котельной целлюлозно-бумажного завода в городе Поронайске
Обрушение здания котельной целлюлозно-бумажного завода в городе Поронайске - Sputnik Кыргызстан
Обрушение здания котельной целлюлозно-бумажного завода в городе Поронайске

Белгилей кетсек, 19-августта Сахалин облусунун Поронайск шаарында мурда кагаз чыгарган комбинаттын чатыры урап, эки кыргызстандыкты басып калган. Биринин сөөгү бүгүн түшкө жакын табылган болчу. Мындан сырткары, бир тажикстандык набыт болгон. Ал жерде жалпы 10 адам иштеп жаткан.

"Калдыктардын алдында калган экинчи мекендешибиздин сөөгү бүгүн саат 16.30дар чамасында табылды. Маркумду өлүкканага алып келип азыр ошол жерде жүрөбүз. Поронайск шаары Сахалиндин борборунан 350 чакырым алыста жайгашкан. Эки мекендешибиздин сөөгүн Кыргызстанга бейшемби күнү жиберүүнү пландап жатабыз. Документтерди топтогончо ушунча убакыт өтүп кетет экен", — деди Толбаев.

Ошондой эле ал кырсыктаган тогуз мекендештин баары бир жума мурда эле келишкенин билдирди. 

© Фото / Эшимбет КолбаевОбрушение здания котельной целлюлозно-бумажного завода в городе Поронайске
Обрушение здания котельной целлюлозно-бумажного завода в городе Поронайске - Sputnik Кыргызстан
Обрушение здания котельной целлюлозно-бумажного завода в городе Поронайске

"Каза болгондор Ош облусунун Өзгөн районунда туулган 22-23 жаштагы балдар экен. Сөөгүн жөнөтүү үчүн каражат чогулта баштадык. Ооруканага да барып келдим айрымдарынын колу, дагы биринин бели сыныптыр. Жалпылап алганда абалдары туруктуу. Бирок шок абалда жатышат. Алар эски заводдон металл чогултуп жүрүшкөнү айтылууда. Ким жалдап келип иштеткени азырынча белгисиз. Балдар өздөрү да айтпай жатат", — деди диаспоранын төрагасы.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Сахалин облусу боюнча тергөө органы тарабынан кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0