Башкача жаңырган "Мезгил жаңырыгы". Салттуу музыка менен классика айкалышканда

Жазылуу
Кыргызстанда биринчи жолу композиторлорго арналган "Кыргыз кайрык" музыкалык легери уюштурулду. Долбоордун катышуучулары Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине келип, Нурак Абдырахмановдун "Мезгил жаңырыгы" күүсүн өздөрү иштеп чыккан форматта аткарып беришти.

"Кыргыз кайрык" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп өткөнүн белгиледи.

Анын айтымында, долбоордун максаты – салттуу музыкаларды заманбап классикалык чыгармалар менен айкалыштыруу. Аспапта Аскат Жетиген, Шеркул Шерик уулу, Каныш Нурди жана Темирлан Адракаев ойноду.

"Мыкты композиторлор 14 катышуучуга өз тажрыйбасы тууралуу айтып, көрсөтүп беришти. Жети күндүк легерде жалпы 10 чыгарма жаралды. Катышуучулар кыргыздын салттуу музыкасы менен заманбап классикалык обондорду айкалыштырып, жеке жана чыгармачыл топ менен аткара турчу күүлөрдү жаратышты. Жаштар белгилүү бир чыгарманы алып, өздөрүнүн дареметине жараша байытып жатышты. Кыргызстан үчүн жаңы музыкалык жанр пайда кылсакпы деп ойлоп жатабыз. Бирок өзөгүндө албетте улуттук музыканын данеги жатат", — деди аталган долбоордун жетекчиси Айбек Байымбетов.

Ал долбоорго катышууну каалагандар арбын болгонун жана арасынан 14 таланттуу музыкант тандалып алынганын айтты.

Дүйнөлүк хиттер комузга салынганда... Чолпон менен Мелистен кезектеги клип - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк хиттер комузга салынганда... Чолпон менен Эламандан кезектеги клип
"Аталган лагерге 60тай каалоочунун арасынан 14 катышуучу тандап алынды. Долбоордун талаптарына ылайык, лагердин катышуучуларынын жашы 18 жаштан 35 жашка чейинкилерди түздү. Алар жети күндүн ичинде эски кыргыз музыкаларын жаңыча форматта иштеп чыкты. Ал эми катышуучуларга чыгарма жаратууда Ысык-Көл да илхом берип, чыгармачылык атмосфера түзүп турду", — деди ал.

Байымбетов долбоордо жаралган чыгармалардын негизинде жакынкы айларда концерт коюларын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0