Дүкөн тоногон уурулар видеого түшүп калган. Кожоюн аларды табууга жардам сурайт

Жазылуу
Видеодон кепка кийип, бети-башын жоолук менен таңып алган жана капюшончон эки кишинин товарларды желим баштыктарга жайбаракат салып жаткандыгын көрүүгө болот.

Борбор калаанын "Аламүдүн – 1" кичирайонундагы Ауэзов көчөсүндөгү дүкөндүн ээси уурулуктун видеосун жарыялап, күбөлөрдү издеп жатат. Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Дүкөн ээсинин айтымында, уурулар 1-июлга караган түнү кирген. Тасмада саат 3.30 деп жазылып турат.

Видеодон кепка кийип, бети-башын жоолук менен таңып алган жана капюшону бар ак түстөгү күрмө кийген эки кишинин товарларды желим баштыктарга жайбаракат салып, өз ара бир нерселерди сүйлөшүп жаткандыгын көрүүгө болот.

"Алардын беттери камерадан жакшы көрүнбөй жатат. 20 миң сомго чукул акчаны жана болжол менен 300 000 сомдук тамекилерди алып кетишиптир. Таңда ууруларды көргөн же ошол учурда дүкөндүн жанынан өтүп бара жаткандар болсо милицияга кабарлап коюшун суранам", — деди жабырлануучу.

Шаардык милициядан мындай уурулук болгондугун тастыктап, колу туткактарды издөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.

Буга чейин да да Бишкек шаарында чаламандын чак түшүндө Бишкекте дүкөндөн телефон уурдаган кыз видеого түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0