YouTube тармагына жүктөлгөн ViralHog каналындагы видеодо көрүнүп тургандай, асмандагы коюу кара булут деңизде цунами болуп жаткандай формага келген. Аны көргөн жашоочулар үйлөрүнө шашып кете баштаганын байкоого болот.
"Кара булут абдан бат кыймылдап жатты. Биз үйгө жеткиче эле "кууп" келип, нөшөрлөгөн жамгыр төгүп салды", — деп жазды күбөлөрдүн бири.
Булутка байланыштуу дагы бир укмуштуу көрүнүш былтыр Япониянын Ниигата шаарында болгон.