Бишкекте эртең менен эки автоунаа кагышып, бири ала салып кетти. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгынан бир киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө (Ибраимов көчөсүнө жакын жерде) эки автоунаа кагышып, бири ала салып кеткен. Күбөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче, ал жол кырсыгын эртең мененки саат 7:45тер чамасында көргөн.

"Лев Толстой көчөсү менен баратканда курулуш дүкөнүнүн жанында жол кырсыгы болгонун көрдүм. Бир автоунаа ала салып кетиптир. Кайра катып келе жатканда окуя болгон жерде милиция менен Тез жардам кызматы турганын байкадым", — деди ал.

Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

Окуядан бир киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бирок ал дарыгерлердин жардамынан баш тартканы белгилүү болду.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0