19:40 19 Чын Куран 2018
Түз эфир
Видео

Жаш жигиттер тыйын чычкандын жүрөк тушун укалап, аман алып калышты

Кыскача шилтеме алуу
44310
© YouTube/ RM Videos

Эсине келген тыйын чычкан куйругун булактатып чуркап кеткендигин көрүүгө болот

Колумбиянын Картахен шаарынын жашоочулары электр линиясын жармаша калам деп эсин жоготкон тыйын чычканды аман сактап калышты. Бул туурасында видео YouTube каналына жайгаштырылган. 

Роликтен тыйын чычкандын эс учун жоготуп, мопеддин отургучунда жаткандыгын, ал эми жаш жигит анын жүрөк тушун сөөмөйү менен укалап жаткандыгын көрүүгө болот.

Балдар бир топ машакаттангандан кийин ал акырындап дем ала баштаган.

Эсине келген жаныбар мопеддин отургучунан секирип түшүп, чуркап жөнөгөн. Анткен менен бир аз метрден кийин катып туруп калып, куткаруучулары басып барып, анын жонунан сылап, байкоо салып турганы тартылып калган. Акырында эсине келген тыйын чычкан куйругун булактатып чуркап кеткен.

Буга чейин да Вьетнамда сууга чөккөн күчүктү жасалма дем алдырып сактап калышкан.

Тема боюнча

Вьетнамда сууга чөккөн күчүктү жасалма дем алдырып сактап калышты
Белгилер:
жүрөк, тыйын чычкан, Колумбия
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ