Бишкекте мас болуп машина айдап баратат делген айдоочу. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Борбор калаада мас абалында Toyota Camry Gracia машинасын айдап баратып, терезеден башы салаңдап уктап кеткен айдоочуну күбө видеого тартып алган.

Жолдо жүрүү эрежесин одоно бузган айдоочунун видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберген.

Церемония открытия конструкции Планетарная модель атома в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Атом моделин" сүзгөн жолтандабас. Кырсыктан кийинки видео
Ал мамлекеттик номери S 7809A болгон Toyota Camry Gracia унаасынын айдоочусу мас болушу мүмкүндүгүн айтты. Анткени анын башы шалактап, рулду түз кармай албай жатканы видеодо даана көрүнөт. Бир нече метр алдыга жылып, каршы тилкеге чыгууга аракет кылганда алдын башка айдоочу тосуп алган. Машинасын ары-бери бурган айдоочу авариялык абалды шарттаган.

Ошентсе да ал каршы тилкеге чыгып, Горький көчөсү аркылуу чыгыш тарапты көздөй айдап кеткен.

Күбө видеону 2-апрелде түштөн кийин тартып алганын айтты.

Ал эми ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы видеону карап чыгып, эреже бузган айдоочуга тийиштүү чара көрүлөрүн кошумчалады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0