Кыргыз-тажик чек арасы: түшүнбөстүк чыккан аймакка көпүрө курулду. Видео

Жазылуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы сууга контейнерден курулган көпүрөдөн улам тажик тарап эки өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салган

Белорусско-латвийская граница - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат
Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Сай конушунда Сада каналына көпүрө курулганын жергиликтүү бийлик билдирди. Буга чейин көпүрөнүн милдетин контейнер аткарып, окуучулар мектепке каттап турушкан.

8-февраль күнү Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" көзөмөл бекеттерин бир тараптуу жаап, өтүүгө тыюу салган. Муну менен бирге чек арачылар көпүрөнү да тосуп, аскерлеринин санын көбөйткөн. Мындай аракет канал аркылуу өтүү үчүн контейнердин орнотулушунан кийин жасалган.

Бир нече сааттан кийин, кыргыз жана тажик Чек ара кызматтарынын сүйлөшүүсүнөн соң өткөрүү бекеттери ачылып, чек арадагы кырдаал жөнгө салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0