Оштогу 2 жашар Умар дүйнөлүк карта менен өлкө желектерин жатка билет. Видео

Жазылуу
Наристенин видеосу бир сутканын ичинде 15 миңден ашык көрүүчүнү топтоду

Ошто жашаган эки жаштагы Умар дүйнөлүк географиялык картадан сураган өлкөнү көрсөтүп, желектерди таамай тааныйт.

Анын видеосу социалдык тармакка тарады. Тасманын автору Кундуз Талканчиева элди таң калтырган наристе анын бир тууган инисинин баласы экенин жазган.

Атам мага ишенген эмес! Галкинди таң калтырган Албанали төгүлүп-чачылып маек берди - Sputnik Кыргызстан
Атам мага ишенген эмес! Галкинди таң калтырган Албанали төгүлүп-чачылып маек берди
Наристеден кайсы өлкөнү сурашса да (мисалы Кытай же АКШ), баарын таамай таап жатканын тасмадан көрүүгө болот. Ошондой эле ал дүйнө өлкөлөрүнүн желектерин көрсөтүп берген. Видеону бир сутканын ичинде эле 15 миң адам көрдү.

Талканчиева наристени Максим Галкиндин "Лучше всех" шоусуна ойлонбостон жиберүүгө болорун билдирди.

Максим Галкин алып барган "Лучше всех" теле шоусу 3 жаштан 12 жашка чейинки таланттуу балдардын өнөрүн миллиондогон аудиторияга көрсөтүп берет. Буга чейин ага Кыргызстандын атынан Брюс Линин трюктарын жасаган Нурмухаммед Ташмаматов, катыра бийлеген Айпери жана Нурпери аттуу эгиз кыздар жана жаныбарлар дүйнөсүн мыкты билген Албан Али Алим уулу катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0