Өзүн-өзү жутуп жаткан жыландын видеосу интернетте талкуу жаратты

Жазылуу
Орточо чоңдуктагы жыландын куйругу толугу менен оозуна кирип турганын көрүүгө болот.

Интернетте өзүн-өзү жутуп жаткан жыландын видеосу тарады. YouTube-каналындагы роликте британиялык киши жыланды мойнуна илип алып, анын бул кылыгына комментарий берип жатканын көрүүгө болот.

Ал айткан “акылы жок жыландын” куйругу толугу менен оозуна кирип турат.

Бул видео интернет колдонуучулардын ар кыл пикирлерин жараткан.

“Бул кишини жипкирткен видео экен. Ушул күлкүлүү болуп турабы. Жыландар өздөрүн күнөөлү деп сезгенде өзүн-өзү жейт ", — деп жазган Aviation Compilation аттуу колдонуучу.

Экинчи дагы бир киши жылан эмне үчүн минткенине түшүндүрмө берген.

Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сиз жыланды таба аласызбы? Интернеттеги баш катырган сүрөт
"Аба ысык болуп кеткенде алар өздөрүн көзөмөлдөбөй калат. Ачка болгонсуган сезим орноп, көзүнө көрүнгөндү жута баштайт. Биз көрүп тургандай, эркиндикте эмес, капаста жалгыздап жашагандыктан, алардын курсагы дайыма эле тое бербейт. Акырында минтип өзүнө-өзү кол салат ", — деген Akrudibum Rum аттуу колдонуучу.

Видеодон жыландын өтө кичине эмес, орточо чоңдукта экендигин көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0