Жаңы Зеландияда пингвиндин адам менен аралашып, үй жаныбарлары сыяктуу ээн-эркин жүргөн видео көптөрдү таң калтырды.
Бир күндүн ичинде видеону 74 миң адам көрүп, миңден ашуун киши комментарий калтырган.
Видеодо пингвин ары-бери өткөн адамдар менен аралашып жүрүп, ал тургай автоунааларды айланып басып жүргөнүн көрүүгө болот.
Жергиликтүү полиция айтымында, пингвиндер калк жайгашкан аймакка келип адамдарга аралышып жүрүүнү адатка айланткан.