Жерде турган аэропорттун кызматкери учак менен кошо учуп кете жаздады

Жазылуу
Израилде аэропорттун кызматкери учууга камынып жаткан учактын кыймылдаткычынын жанында туруп калып, аз жерден учуп кете жаздады. Окуяны видеокамера тартып калган.

Видеодо көрүнүп тургандай кыймылдаткычтан урган катуу илеп жигитти бир нече метрге чейин алып барган. Андан соң жумушчу жыгылып кеткен. Туруп күбүнүп, ошол ордунда калган.

The Daily Mail жазгандай, окуя Тель-Авивдеги "Бен-Гурион" аэропортунда болгон. Жумушчунун жаракат албаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0