Эки кыргызстандыктын өмүрүн алган авиакырсыктын видеосу

Жазылуу
Шейшемби күнү кечинде Алматыдан Шымкентке учкан учак жерге кулап түшкөн.

Азыр Ан-28 учагы кулаган аймакта түзүлгөн атайын комиссия иштеп, окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчылары кырсык болгон жерге барып келишкен.

© Sputnik / Данияр ДауталиевАвиакрушение АН-28 в Казахстане
Авиакрушение АН-28 в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Авиакрушение АН-28 в Казахстане

Учак кулап түшкөндөн кийин өрттөнүп, анын ичиндеги беш кишинин бардыгы тең каза болгон.

© Sputnik / Данияр ДауталиевАвиакрушение АН-28 в Казахстане
Авиакрушение АН-28 в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Авиакрушение АН-28 в Казахстане

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу берген алдын ала маалымат боюнча экипаждын эки мүчөсү — учактын командири 1963-жылы туулган Ц.Г жана инженери 1961-жылы туулган А.Б. Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Учурда алардын сөөгүн таануу аракеттери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0