Эрдоган Нью-Йоркто сүйлөп жатканда мушташ чыгып кетти. Видео

Жазылуу
Басылманын берген маалыматына караганда, Эрдоган Marriott Marquis отелинде түрк-америка улуттук комитетинин иш-чарасында сүйлөп жатканда аны террорчу деп залдан кыйкырышкан

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Нью-Йоркто сүйлөп жаткан учурда, ал жердегилер эки жээкке бөлүнүп, ортодо мушташ чыгып кетти. Бул туурасында New York Times жазды.

Басылманын берген маалыматына караганда, Эрдоган Marriott Marquis отелинде түрк-америка улуттук комитетинин иш-чарасында сүйлөп жаткан. АКШга Түркия жетекчиси БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн келген.

Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзү - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзү
Ал сөзүнүн ортосуна жеткенде залдагы эркектердин бири "сен террорчусуң. Өлкөмдөн чыгып кет", — деп кыйкырган. Андан соң президентти жактагандар менен ага каршы чыккандар арасында мушташ чыгып кеткендигин ошол жердеги камералар тартып калган.

Видеодо эл башаламан болуп, бири-бирин чаап, түртүп жана кыйкырып, урушуп жаткандыгын көрүүгө болот. Коопсуздук кызматы нааразылыгын билдиргендерге кол салган бир кишини залдан түрткүлөп алып чыгып кеткендиги тартылып калган.

Нью-Йорк полициясынын айтымына караганда, чыр-чатактан улам беш киши кармалып, бир нече убакыттан кийин кайра коё берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0