23:52 19 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Видео

Көптөн күткөн жолугушуу: Атамбаев өзбек президенти Мирзиёевди тосуп алды

Кыскача шилтеме алуу
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары (12)
847 0 0
© Пресс-служба президента КР

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президенти менен биринчи айым Зироатхон Хошимованы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жубайы Раиса Атамбаева тосуп алды.

Флагштокторго желектер көтөрүлүп, ардак кароол тизилип, эки мамлекеттин гимни жаңырды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Өлкө башчылар бир катар маселелер боюнча пикир алмашып, кыргыз-өзбек кызматташуусун жакшыртууну талкуулашат. Ошондой эле бир катар документтерге кол коюлат.

Тема:
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары (12)

Тема боюнча

Президенттин аппараты Мирзиёев Кыргызстанга эмне максат менен келерин айтты
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 6-сентябрда келиши күтүлүүдө
Белгилер:
президент, Зироатхон Хошимова, Шавкат Мирзиеев, Алмазбек Атамбаев, Өзбекстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ