Кытайда бийге түшкөн миңден ашуун робот дүйнөлүк рекорд койду

Жазылуу
Кытайда 1069 робот бирдей убакытта бийге түшүп рекорд жасады.

Ал видео Гиннестин рекорддор китебинин Youtube тармагындагы каналына жайгаштырылган.

Ар бир роботтун бою 43,8 сантиметр. Алар уюлдук телефондун программасы менен башкарылат. Роботтордун жамааттык бийи бир мүнөткө созулган.

Буга чейинки рекорд 2016-жылы жасалган болчу. Анда кытайлык корпорациялырдын бири 1007 роботту алып чыгып бийлеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0