"Манас" аэропортуна бараткан жолдогу кырсыктын видеосу. Үч киши жабыркады

Жазылуу
Кырсыктан үч киши жапа чеккен

Бишкек — "Манас" аэропорту жолунда кырсык болгонун WhatsApp-канал аркылуу окуяга күбө болгон жаран билдирип, авариянын видеосун жөнөткөн.

Анын айтымында, Honda Fit менен Honda Odyssey кагышкан.

"Бир нече киши жабыркады. Honda Odyssey унаасында жаш кыз ыйлап жатыптыр, буту катуу ооруп калган экен. Калган жабырлануучулардан да көп кан кетти. Тез жардам жарым сааттай кечикти. Жетишпей калат экен деп корктук", — деп жазат күбө.

Чүй облусунун Кайгуул милициясы алдын ала маалымат боюнча Honda Odyssey бурулууга аракет кылганын, ал эми Honda Fit унаасынын айдоочусу буга жол бербей койгон. Натыйжада үч киши жабыркап, алар шаардагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилиген.

Саламаттык сактоо министрлиги Тез жардам 15-20 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жетиши керектигин, бирок унаалардын жетишсиздигинен ушундай кечигүүлөр көп болуп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0