Малайзияда уурулар дүкөндүн айнек үкөктөрүн барскан менен талкалай албай коюшту

Жазылуу
Дүкөндөгү айнек үкөктөр (витрина) пластик менен айнектен 10 эсе бекем келген поликарбонаттык материалдан жасалган.

Малайзияда колдоруна барскан көтөргөн уурулар ювелирдик дүкөндүн айнек үкөктөрүн сындыра албай коюшкан. Бул тууралуу Mashable порталы жазып чыкты.

Окуя өлкөнүн түштүк батышындагы Шах-Алам шаарында катталган.

Видеодон көрүнүп тургандай, төрт кылмышкер бир нече мүнөт айнекти барскан менен урушкан. Бирок майнап чыкпагандыктан, куру кол кетүүгө аргасыз болушкан.

Дүкөндүн ээси кийинчерээк өзүнүн Facebook баракчасына айнектер поликарбонаттык материалдан жасалгандыктан сынбагынын жазып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0