Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом

Жазылуу
Ортопед, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабековдун буттун сөөгүн 31 сантиметрге чейин өстүргөн эмгеги Гиннес китебине сунушталып, жакында эле китептин комиссиясынан жооп келген. Алар адам денесинде сөөктү мынчалык эч ким узартпаганын айтып, сунушту кабыл алышкан.

Бирок китепке дарыгердин эмгеги эмес, эч нерседен коркпостон өз денесине алты жолу операция жасаткан 21 жаштагы Темирбек Бекбоев кирмей болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары дал ушул эрки күчтүү, келечекке болгон ишеними чоң Темирбек бекбоев менен маектешип, анын жашоосун чагылдырып келди.

© Sputnik / Таалайгул УсенбаеваОртопед Сабырбек Жумабеков Темирбекти алты айдан кийин балдагын таштап басып калаарын айтты
Директор Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, профессор, ортопед Сабырбек  Джумабеков с пациентом - Sputnik Кыргызстан
Ортопед Сабырбек Жумабеков Темирбекти алты айдан кийин балдагын таштап басып калаарын айтты

Бекбоев учурда 21 жашта. Таенесинин колунда чоңойгон бала өз апасына келгенине аз эле убакыт болуптур.

Спортчуну бир нече саатта жарым килого жакын арыктаткан сауна. Шипиловдун табылгалары - Sputnik Кыргызстан
Спортчуну бир нече саатта жарым килого жакын арыктаткан сауна. Шипиловдун табылгалары
"Темирбек төрөлгөндө дарыгерлер оң бутунун жамбаш сөөгү жок болуп төрөлдү дешкен. Чоңоюп, бою өскөн сайын оң буту кыскара баштады. 15 жашка чыгып калганда Сабырбек Жумабеков тууралуу угуп баламды көрсөтсөм "дарыгерлер төрөткөндө бутун чыгарып алышкан" деп, операция жасаса болорун айтты. Бирок балам биротоло 9-классты бүтүп, толук орто билим алайын деп жатып, операцияны 18ге чыкканда баштадык", — деди каармандын таенеси Бүба Токтонаева.

Темирбекке үч жыл ичинде алты жолу операция жасалган. Башынан өткөргөн оор учурларын, ал тургай бутун кестирип салсамбы деп да ойлогонун айтып берди.

"Кыйын күндөр өттү, кээде бир айда эки жолу операция жасаткан учурлар болду. Бирок ага карабай баарына чыдадым. Азыр бутум теңелген сайын алдыга болгон үмүтүм мурдагыдан да артып баратат. Бутума туруп балдакты таштасам, апама жардам берип, бөбөктөрүмдү каралашып, иштеп баштайм. Анткени атам жок, эки бөбөгүм бар. Апам жалгыз ар кайсы жумушта иштейт", — деди Бекбоев.

Темирбек учурда програмисттикке окуп жатат. Бирок келечектеги максаты — дүйнө кыдыруу.

Ал эми белгилүү ортопед, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, алты айдан кийин жигит балдаксыз өзү басып калат.

Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы - Sputnik Кыргызстан
Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы
"Темирбектин оң буту тубаса кыска төрөлүп, сол бутунан 31 сантиметрге кыска экен. Алгач анын сан жагы 10 сантиметрге узартылып, кийин тизесинен ылдый жагына 21 сантиметр кошулган. Эми ал эки бутуна тең туруп, күз айларында балдагы жок басып калат. Мындай өзгөчө узартуу дүйнөдө алгач ирет жасалып жаткандыктан Гиннестин рекорддор китебине ушул баланын өзү киргизилип жатат. Болгону биз буга себепчи болуп, колубуздан келген жардамды кылдык", — деди Жумабеков.

Жумабеков буга чейин да бир катар сөөк өстүргөн операцияларды жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0