Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"

Жазылуу
Азыр сиздерге Кыргызстандагы эң чоң жана эң кымбат аргымакты көрсөтөбүз. Анын салмагы бир тоннага жакындаса, баасы миллион долларды чапчыйт. Аргымак тууралуу кызыктуу фактылар муну менен эле чектелбейт. Андыктан таң калууга даяр туруңуз.

Саяпкер Алмаз Колдошев "Барон" аттуу аргымакты 2012-жылы жаңы асыйында (төрт жаш) Россиянын Омск шаарынан беш миң долларга сатып алган. Аны менен көк бөрүнүн байыркы эрежеси менен өтчү улак тартышка катышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаяпкер Алмаз Колдошевдин "Барон" аттуу аргымагы
Скакун по кличке Барон объездчика Алмаза Колдошева - Sputnik Кыргызстан
Саяпкер Алмаз Колдошевдин "Барон" аттуу аргымагы

"Бул атты командалык эмес, ар улакчы өзү үчүн ойногон ири улак тартыштарга минип барам. Буга чейин эки автоунаа, үч төө, тай жана башка байгелерди уткам. Негизги максат байге утуу эмес, "Барондон" тукум алып көбөйтүү. Ошондуктан муну улакчыларга бербей өзүм гана чабам, алар минсе бир топ байгелерди багындырмак", — деди саяпкер.

Кыргыздын ат жабдыктары. Ээр-токум - Sputnik Кыргызстан
Ат кантип токулат? Ээр-токум: ноктодон тарта камчыга чейин
Жаз менен беш асый болгон "Барондун" салмагы учурда 920 килограмм болсо, бою 187 сантиметрге жетип, мен-мен деген модель кыздардын бою менен тең.

"Бул атты алып келгенден тартып эле казак, тажик, ооган жана жергиликтүү улакчылар сатып алууга кызыгып 50 миңден 300 миң долларга чейин акча сунушташкан. Эки жыл мурун чоң улак болуп, ага келген кытайлыктар бир миллион долларга сурашты. "Барон" — менин эч нерсе менен баалангыс аргымагым. Андыктан канча акча сунуштабасын, сатпай турганымды айтып баарын сылык-сыпаа узаткам", — деди Колдошев. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаяпкер Алмаз Колдошевдин "Барон" аттуу аргымагы
Скакун по кличке Барон объездчика Алмаза Колдошева - Sputnik Кыргызстан
Саяпкер Алмаз Колдошевдин "Барон" аттуу аргымагы

Саяпкер бул атка ээ болору менен 14 бээ сатып алып үйүргө койгон. Учурда анын кулундарынын эле баасы он миң доллардан жогору турат. Ага карабай сатып алууга кезек күткөндөр арбын экенин билдирди.

"Барон" күнүнө эки таңгак чөп, 20 килограмм жем жейт. Эки маал сегиз килограммдан сулуу, эки килограммдан арпа беребиз. Мындан сырткары, мезгил-мезгили менен эмдетип турам", — деп белгиледи аргымак ээси.

© Sputnik / Табылды КадырбековСаяпкер Алмаз Колдошевдин "Барон" аттуу аргымагы
Скакун по кличке Барон объездчика Алмаза Колдошева - Sputnik Кыргызстан
Саяпкер Алмаз Колдошевдин "Барон" аттуу аргымагы
Алмаз Колдошев 1990-жылдан бери жылкы багуу менен алектенип, аны негизги кесибине айланткан. Ал катуу чарчаганда аргымагы менен сейилдөөгө чыгып эс аларын айтып берди.

Ал эми байыркы улак тартыш оюнунун башкы калысы Каримбек Кадыркулов "Барон" учурда Кыргызстанда улак тартышка чыккан аттардын арасынан өзүнүн чоңдугу жана күлүктүгү менен өзгөчөлөнүп турарын айтып, суроо-талап жогору болуп турган аргымак экени белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0