Рулда баратып телефонун чукулаган айдоочулар видеокамерада

Жазылуу
Бир жуманын ичинде Кыргызстан боюнча автоунаа айдап баратып сүйлөшкөнү үчүн 3 миңден ашык айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгы билдирди.

КР Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык, телефондон сүйлөшкөн айдоочуга 200 сом айып салынат.

Телефон менен сүйлөшүп баратып жол кырсыгына кабылгандар боюнча ИИМде так маалымат жок.

Бишкектин борборундагы көчөлөрдүн кесилишинен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бир сааттын ичинде машина айдап баратып телефондон сүйлөшкөн 30 учурду гана видеого тартып калган. Ал эми бул убакыт ичинде машина айдап баратып телефонун чукулагандардын саны 100дөн ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0