19:17 25 Аяк оона 2017
Түз эфир
Видео

Караколдуктар кышында жаңы курулган бассейнге чумкуп эс алышты

Кыскача шилтеме алуу
15710
© Видео / Азамат Айтбаев

Жетекчиси Нурлан Исмаиловдун айтымында, бассейн бардык заманбап технология менен жасалгаланып, бардык коопсуздук талаптарга жооп берет.

Каракол шаарында биринчи жолу коомдук бассейн ачылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.

Сууда сүзүү боюнча инструктор Асыл Самагановдун айтымында, Караколдо буга чейин мындай бассейн жок болчу. 

"Азыр бизге балдар, чоңдор жана үй-бүлөлөр келип жатат. Суу бул — өмүр. Бул жактан ар бир адам, айрыкча окуучу балдар ден-соолугун чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк алат", — деди Самаганов. 

Ал Бишкекте же Ысык-Көлдүн курорттук шаарларында мындай заманбап курулган бассейн жок болгондуктан өлкө үчүн маанилүү окуя болуп жатканын баса белгиледи. 

Бассейндин жетекчиси Нурлан Исмаиловдун айтымында, ал заманбап технология менен жасалгаланып, коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет. 

"Алсак, бир учурда жаңыртып, тазалап жана сууну жылытып турган система орнотулган. Мындан сырткары, дүйнөлүк стандарт боюнча бассейндин туурасы – 12,5 метр, тереңдиги 2 метр 10 сантиметрди түзөт. Ал бир учурда келген 100 кишини кабыл ала алат", — деди Исмаилов. 

Ал ошондой эле бассейндин иштей баштаганына 10 күн болсо да күнүнө 200-300 адам келип жатканын, алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күнүнө эки инструктор иштеп жатканын билдирди. 

"Азыр биз окуучулар үчүн жаңы программа иштеп жатабыз. Ал программада окуучулар дене тарбия сабагынын ордуна бассейнде сүзүп же фитнес менен машыгышат", — деди жетекчи. 

Мындан сырткары, мектеп окуучулары үчүн атайын транспорт жана бассейнге катышууга жеңилдиктер уюштурулат.

Тема боюнча

Жаңы жылдык маанай. Бишкектеги бекер троллейбус
Белгилер:
ачылыш, бассейн, Каракол

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ