16:04 28 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Видео

Жашоо үчүн күрөш: 17 ирет операция жасалган кыз кантип акча таба баштады

Кыскача шилтеме алуу
60310
(2:48 / 17.85Mb / )
© Sputnik / Эмиль Садыров , Светлана Федотова

23 жаштагы Чолпонай Талант кызы башынан 17 операцияны өткөргөн. Кыз артрогрипоз (тубаса оору, булчуң жана нерв ткандары өспөй, сөөктөрдүн деформацияланышы менен коштолот) менен жабыркайт. Оорусуна карабай Чолпонай иштеп, өз жанын багып келет.

Бир нече ай мурун Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуп, ишке орношуусуна жардам берүүчү программа иштей баштады. 

Жаштар окуу маалында басмаканада иштөөнүн, чечендик өнөрдүн, графикалык дизайндын жана SMM негиздеринин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты.

Долбоордун координатору Николай Лучкиндин айтымында, окуучуларга негизинен басмаканада иштөөнүн сырлары үйрөтүлдү.

"Бул жерде балдар кружкаларга сүрөттөрдү түшүрүү, визитка, папкаларды даярдоого заказ алышат. Дизайнын өздөрү иштеп чыгып, бардык ишти өз алдынча аткарышат", — деди Лучкин.

Окуучулардын баары өз багытын тандап кетишкен. Чолпонай басмаканада калууну чечкен.

Кооз сүрөт түшүрүлгөн кружканы ал 15-20 мүнөттүн ичинде жасай алат, ал эми кийиз картинага андан да аз убакыт жумшалат. Программа Чолпонайдын өзүнүн каражат табуусуна жол ачты.

"Үйдүн акчасын ата-энем төлөйт, бирок өз жанымды өзүм багам. Азырынча айлыгым азыраак, кирешем заказчылардын санына жараша болот", — деди Чолпонай.

Октябрдын аягы жана ноябрдын башы менен ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутуу программасы кайрадан иштей баштайт. Эми Чолпонай басмаканада иштөөнүн сырларын окуучуларга үйрөткөн мугалим болуп иштейт кызмат кылат. 

Тема боюнча

Каракол шаарындагы такси кызматына майыптар дагы иштеп жатат
Ош: куюнда калып жүрөгү түшкөн 28 жаштагы Миржигит алигиче ээн калуудан коркот
Укпай жана сүйлөй албаган Адилет эл оозуна алынган таксистке айланганда
Атактуу оратор Ник Вуйчич февралда Кыргызстанга келет
Белгилер:
мүмкүнчүлүк, заказ, басмакана, майып, Бишкек