Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында кыздар эси оогончо бири-бири менен кармашты

Жазылуу
Бишкек шаарында бокс боюнча кыздар жана балдар арасында өлкө чемпионаты болду.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, спортчулар бир нече салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Кыргызстандык мушкер ММА боюнча дүйнө чемпионунун эсин оодара чапты
Эркектер арасында өлкө чемпиондугун Турат Осмонов (49 кг салмакка чейин), Жаныбек Мусаев (52 кг), Омурбек Малабеков (56 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Бакыт Жигиталиев (69 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг) жана Эркин Адылбек уулу (81 кг) камсыздады. Ал эми Чыңгыз Борбашев 91 кг салмакка чейин өлкө чемпиону болсо, Шермахад Хакимов 91 кг салмактан жогорку категорияда биринчиликти камсыз кылды.

Кыздар арасында болсо 52 кг салмакка чейин Альбина Мамбетова өзгөчөлөнө алса, 57 кг салмакка чейин Бурулкан Калыбай кызы биринчи болду. Үмүтай Айтиева 60 кг салмак категориясы боюнча алтын медаль тагынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0