Зитанын сөздөрү: Кудайга ыраазычылык билдирип, жүрөгүңөрдү муздатпагыла!

Жазылуу
Бейшемби күнү кечинде сиам эгиздеринин бири Зита Резаханова узакка созулган оорудан кийин көз жумду.

Сиам эгиздеринин бири Зита 24 жашында каза болду
2014-жылы тартылган видеодо Зита реанимациядан кадимки палатага кантип которулганын, ден соолук абалы тууралуу айтып берип, эң башкысы, бардык жардам бергендерге ыраазычылык билдирген.

Зитанын кеңеши — Кудайдын адамга ыроологон ырыскысына, алты саныңарды аман кылып, маңдайыңарга ата-энеңерди жазып койгонуна ыраазы болуп, баа-баркына жете билгиле. 

"Ата-энеңерди ардактагыла, кайдыгерлик кылып, жалгыз таштабагыла. Чыдамдуу болуп, жүрөгүңөрдү муздатпагыла!", — деген ал.

Резахановалар 1991-жылы жарыкка келишкен. 2003-жылы аларды ажыратуу боюнча Москванын Филатов атындагы ооруканасында операция жасалган. Үч буттуу жана бир жамбаштуу болуп төрөлгөн кыздарды ажыраткандан кийин ар биринин бирден бутун протез алмаштырган. Үй-бүлөгө Россия лидерлери Дмитрий Медведев менен Рамзан Кадыров чоң жардам көрсөтүп келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0