Сууну жиреп. Кайык менен жарышуу боюнча Кыргызстандын кубогу

Жазылуу
Бишкек шаарында 9-11-апрель күндөрү кайык менен жарышуу боюнча Кыргызстандын ачык кубогу өттү. Мелдешке Кыргызстандан жана Украинадан келген 100дөн ашык спортчу катышты.

Спорт мелдеши Ала-Арча суу сактагычында өттү. Катышуучулар 200, 500 жана 1000 метр аралыкка сүзүү боюнча күч сынашты.

Чоңдор арасында абсолюттук жеңүүчү деп Игорь Дорофеев табылды, экинчи орунду Данил Тетерев, үчүнчү орунду Александр Пароль алды.

Өспүрүмдөр арасында жалпы командалык эсеп боюнча биринчи орунду 17 жаштагы Альмаджит Максутов ээлесе, экинчи жана үчүнчү орунду бир туугандар Тимир менен Артем Ворошковдор алышты.

Кыздар арасында биринчи орунга Елена Рыбалова, экинчи орунга Елизавета Буханцова жана үчүнчү орунга Анастасия Снопкова чыкты.

Каноэ менен сүзүү боюнча биринчи орунду Данил Храпунов, экинчи жана үчүнчү орунду ага-ини Мурат менен Тилек Сатыбалдиевдер алышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0