03:21 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Видео

Шерзулло: Сирияда 19 күн болгондон кийин ыйлап, "акча сал деп" апама чалдым

Кыскача шилтеме алуу
16010
пресс-служба ГКНБ КР

Ош шаарынын тургуну Шерзулло Абдрасуловдун айтымында, ал Сирияда 19 күн болуп, ал жердеги согуш алааматын көргөндөн кийин Кыргызстанга кайтууга аргасыз болгон.

Шерзулло Абдрасулов Оштогу айыл мечитинин имамы аркылуу жихад жөнүндө маалымат алып, интернет аркылуу азгырылып кеткен экен. Оштон учуп, Түркия аркылуу Сирияга киргенге ага Оштун аймагында жүргөн радикал топтор жардам берген. 

"Сирияда согуш талаасына алып барганда автоматты колдоно албадым. Бизди Башар Асаддын аскерлерине жакын жерге алып барды. Блок-постто алар улам алмашып турат экен. Түнкү 2лерде атышуу башталып, тик учактар асманда айланып, танктар жүрө баштады. Мен ыйлап качтым, кетем дедим. Фанат элем, барып ошолорду көрдүм. Туура эмес, жаңылып келгенимди билдим", — деп айтып берди Кыргызстандын атайын кызматтарына. 

Кыргызстанга кайтканына 1,5 жыл болгон Шерзулло келгенден бери намазды таштаганын жана "жихадга" да тойгонун билдирди.

Тема боюнча

Сирияга кеткендердин арасында качып келүү тенденциясы арбый баштады
Белгилер:
Сирия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ