Сүйүнчү! Талант Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Видео

© Sputnik / Абзал КалиевКүрөш. Архив
Күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Талант Бегалиев 56-60 жаштагылар арасында 70 килограмм салмак менен күрөшүп, финалда америкалык атаандашын 11:0 эсебинде утту.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Талант Бегалиев ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатында алтын утту. Бул тууралуу Күрөш федерациясы билдирип, видеосу Instagram баракчасына жүктөдү.
Талант Бегалиев 56-60 жаштагылар арасында 70 килограмм салмак менен күрөшүп, финалда америкалык атаандашын 11:0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду.
Белгилей кетсек, Талант Бегалиев - Пекин Олимпиадасында күмүш байге алган Канатбек Бегалиевдин агасы.
Мелдеш бүгүн, 19-октябрда, Грециянын Лутраки шаарында башталды. Ал 24-октябрга чейин созулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0