19:45 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR96.0093
  • RUB1.1521
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
209 0 0

Өлкө жетекчилигине кайрылууну КФСтин биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков окуду. Сунушту делегаттар бир добуштан колдоого алышты.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футболдук союзу кезексиз жыйынында өлкө жетекчилигине кайрылуу жасап, эки сунуш берди.

Сунушту КФСтин биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков окуду. Аны 27 делегаттын баары бир добуштан колдоого алышты.

Биринчи сунушта футзал калысы Нурдин Букуевди дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин тейлеген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү. Ал эми экинчисинде Кыргызстанда футболду өнүктүрүү тууралуу документ кабыл алуу боюнча кайрылуу айтылды.

Эске салсак, бүгүн КФСтин кезексиз конгресси өттү. Анда уюмдун жаңыланган уставы кабыл алынып, футболдук союздун жаңы президенти шайланды.

 

Тема боюнча

Медербек Сыдыков Кыргыз футболдук союзунун президенти болуп шайланды. Өмүр баяны
Белгилер:
Кыргызстан, Кыргыз футбол союзу, сунуш, президент, Садыр Жапаров, кайрылуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ