Ослодо жылдызы жанган балбан Эрназар Акматалиев тууралуу 6 факт

© Фото / United World Wrestling / Martin GaborКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев күмүш байге утту. Муну менен ал Кыргызстан эгемендүүлүүк алгандан берки дүйнө биринчилигинен күмүш байге уткан алгачкы балбан болуп калды.
Эрназар быйыл эле Токио Олимпиадасына катышып келген. Осло шаарындагы чемпионатта шамдагайлыгы, чапчаңдыгы, өзгөчө ыкмалары менен бүйүр кызыткан спортчу тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.
Жерлиги, үй-бүлөсү. Эрназар Акматалиев 1998-жылы 16-июлда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Үч-Нура айылында туулган. Атасы Кубатбек Сыдыкбеков 51де, апасы Алтын Мусаева 48 жашта, эки уул, үч кызды эрезеге жеткиришкен. Эрназар үй-бүлөдө үчүнчү бала. Атасы Үч-Нура айылында грек-рим күрөшүнөн машыктыруучу болуп иштейт. Апасы үй кожойкеси. Эрназардын бир тууган агасы Акназар Акматалиев грек-рим күрөшүнөн спорт чебери. Айбике аттуу эжеси, Анар жана Жанар аттуу эки карындашы бар.
Спортко кадам. Эрназарды спортко атасы Кубатбектин бир тууган иниси Канатбек Сыдыкбеков алып келген. Нарын шаарындагы Сүйүнбек Бекмамбетов атындагы спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштеген агасы Канатбек Эрназарды 3-классында алып кеткен. Андан кийин 8-класска чейин Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте билим алып, алгачкы жолу ушул мектептин залында машыга баштаган. 8-классты бүткөндө Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине өтүп, машыктыруучу Рысбек Мамышевдин колунда тарбияланган.
Спорттогу алгачкы мелдеши, машыктыруучусу жана ийгиликтери. Эрназар 3-классында алгачкы ирет Нарын облусунун Кочкор районунун биринчилигинде расмий мелдешке чыккан.
"Анда Эрназар 29 килограмм салмак категориясында ат салышкан. Биринчи эле мелдешинде чемпион болгон. Беш кармашка чыгып, баарын уткан", — деп эскерет алгачкы машыктыруучусу, агасы Канатбек.
Айсулуу Тыныбекова финалда америкалык Кайла Миракл менен мелдеште - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Бир да упай алдырбай. Айсулуунун алтын утуп, желекти желбиреткен видеосу
Эрназар Казакстанда кадеттер арасында өткөн Азия оюндарында экинчи орунду камсыздаган. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон. "Спорт чебери" наамын алган.
Быйыл эле Украина жана Иранда өткөн эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгон. Казакстандын Алматы шаарында олимпиадалык Азия мелдешин жеңип, Токио Олимпиадасына жолдомо алып, катышып келген.
Мыкты окуучу. "Мыкты окуган үлгүлүү окуучу болчу. Өзгөчө математика сабагын жактырчу. Предметтик олимпиадаларга да катышкан жайы бар" деп эскерет агасы Канатбек. Балбан азыркы тапта Бишкек шаарындагы Юридикалык академияда окуп жатат.
Футболчу балбан. Эрназар футболго кызыгат. Өзү да мыкты ойнойт.
Балбан учурда бойдок. Кыргызстандын курама командасынын катарына алынган. Учурда Бишкектеги "Изабековдор академиясы" спорттук жайында КРдин эркин күрөш курама командасынын машыктыруучулары Русланбек Маджинов жана Сүймөнкул Табалды уулунун колунда машыгып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0