Арбитрди бет талаштыра койгон машыктыруучу. Италияда өткөн футболдун видеосу

© Sputnik / Алексей ФилипповФутбол калысы. Архив
Футбол калысы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
"Оледжо-Кастелло" жана "Карпиньяно" Италиянын Prima Categoria — жетинчи дивизионунда ойношкон. Окуядан кийин оюн токтотулган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Италиянын чемпионатында ойногон "Карпиньяно" клубунун машыктыруучусу Жованни Алози калыс Андреа Фелисти бет талаштыра согуп, оюндун токтошуна себепкер болгонун Eurosport жазды.

Окуя төмөнкү лигалардагы "Оледжо-Кастелло" менен "Карпиньяно" командаларынын Италиянын Prima Categoria — жетинчи дивизионунда беттешип жаткан маалында болгон.

​Машыктыруучу Алози арбитрдин чыгарган чечимине макул эместигин билдирген. Арбитр анын талашып-тартышканы үчүн кызыл айып кагазын көрсөтүп, беттештен четтеткен соң Алози Фелисти уруп жиберген. Рефери ошол замат оюнду токтоткон. Ал учурда мушкер-машыктыруучунун командасы 2:0 эсебинде утулуп жаткан эле.

Кийин Алози жасаган кылыгы үчүн кечирим сурап, машыктыруучу кызматынан кеткен. Деген менен ага карата санкциялар колдонулуп, футболдон узак мөөнөткө четтетилиши мүмкүн экени айтылды.

Жыйынтыгында 3:0 эсеби менен "Оледжо-Кастелло" жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0