00:50 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
1825 0 0

Кыргызстандык спортчу бийиктиги 130 сантиметрге жеткен тоскоолдуктарды ашып өтүүдө мыктылыгын көрсөттү. Ал ошондой эле Евразия чемпионатынан күмүш байге уткан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Камил Сабитов Москвада өткөн конкур боюнча эл аралык турнирде алтын медаль утту. Анын сынакка катышкан видеосун Кыргызстандын ат оюндары боюнча федерациясынын президенти Садыр Мамытов өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Мамытовдун айтымында, турнирге Сабитовдон тышкары россиялык, армениялык, казакстандык жана сириялык спортчулар катышкан. Кыргызстандык спортчу бийиктиги 130 сантиметрге жеткен тоскоолдуктарды ашып өтүүдө мыктылыгын көрсөткөн.

"Камил Кыргызстандын командасынын курамында Евразия чемпионатынан күмүш медаль утуп, октябрдын соңунда Москвада өтө турган Евразия лигасынын финалына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Ал жактан дүйнө кубогунун финалына жолдомо алуу үчүн ат салышат", — деп жазды Мамытов.

Маалыматка караганда, учурда Камил Сабитов Евразия лигасынын рейтингинде төртүнчү орунда турат.

Тема боюнча

Асыгалиев: көчмөндөрдүн ат оюндары жоокерликке тарбиялаган
Белгилер:
Кыргызстан, спорт, ат

ЭҢ МААНИЛҮҮ