Бүгүн дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Сезим күрөшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионка Азии по женской борьбе кыргызстанка Мээрим Жуманазарова
Чемпионка Азии по женской борьбе кыргызстанка Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Жуманазарова 57 килограммда ат салышат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова бүгүн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында килемге чыгат. Мурдагы күнү тартылган чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентин менен күч сынашат.

Обладательница серебряной медали среди юниоров по женской борьбе Калмира Билимбек кызы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жамбашка алып чаап, тургузбай койду. Калмиранын чемпионаттагы жеңиши видеодо
Дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Сезим Жуманазарова 57 килограммда ат салышат. Белгилей кетсек, Сезим — Токио Олимпиадасынын коло медалын уткан Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Ал эми кечээ 55 килограмм салмактагылардын арасында кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы финалга чыккан. Бүгүн ал дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн Беларустан келген Алеся Гетманова менен күрөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0