Кыргызстандык балбандар жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатына барат. Тизме

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVМелдеш учурунда балбандар . Архив
Мелдеш учурунда балбандар . Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Мелдеш эртең, 16-августта, башталып, 22-августка чейин уланат. Кыргызстандыктар күрөштүн үч түрүнө тең катышат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Татарстандын Уфа шаарында (Россия) күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионаты өтөт. Ага Кыргызстандан 26 балбан катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясы билдирди.

Мелдеш эртең, 16-августта, башталып, 22-августка чейин уланат. Федерация намыс талаша турган спортчулардын тизмесин жарыялады.

Балбандар грек-рим күрөшүнөн тогуз салмак категория боюнча килемге чыгып, өлкө намысын коргойт.

Ал эми эркин күрөш түрүнөн 10 кыргызстандык балбан барып күрөшөт.

Кыз-келиндер арасындагы күрөшкө жети салмак чен бирдиги боюнча спортчулар катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0