Олимпиада: бүгүн дзюдочу Владимир Золоев менен суучул Денис Петрашов күчүн сынайт

© REUTERS / Issei KatoКыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев. Архив
Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Кыргызстандык дзюдочу 16/1 финалда россиялык Алан Хубецов менен кез келет. Олимпиада оюндарына чейин Золоевди колдоо иретинде япониялыктар кыргыз гимнин ырдашкан болчу.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бүгүн, 27-июлда, Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев менен суучул Денис Петрашов күчүн сынайт.

Золоевдин салмагындагы (81 килограмм) атлеттер 8:00дөн тарта чыгышат. Дзюдочулар 16/1 финалдан баштайт. Чүчүкулак боюнча кыргызстандык спортчу россиялык Алан Хубецов менен таймашат.

Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого жөнөп кетти. Сүрөт 
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына чейин Золоевди колдоо иретинде япониялыктар, тагыраагы, хамуралыктар кыргыз гимнин ырдашкан эле.

Денис Петрашов саат 16:00дө күч сынашат. Бул ирет 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзөт. Буга чейин, 24-июлда, 100 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жеке рекордун жаңырткан. Бирок бул ага мелдештин жарым финалына чыгууга жардам берген эмес. Мындай көрсөткүч менен кыргызстандык спортчу 27-орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0