Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы аныкталды

© REUTERS / Jasen Vinlove-USA TODAY SportsUFC 261 в Джексонвилле. Валентина Шевченко против Джессики Андраде
UFC 261 в Джексонвилле. Валентина Шевченко против Джессики Андраде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Бул 33 жаштагы Шевченконун чемпиондук наамын коргоо үчүн удаасы менен чыккан алтынчы беттеши болмокчу. Атаандашы титул үчүн беттешке алгачкы ирет чыгат.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоо үчүн кезектеги беттешке сентябрда чыгат. Бул тууралуу ESPN телеканалы промоушендин президенти Дана Уайтка таянып билдирди.
​33 жаштагы кыргызстандык спортчу кыз америкалык Лорен Мерфи менен кез келет. Дана Уайттын белгилешинче, мушкерлердин таймашы 25-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт.
"Лас-Вегаста өтүүчү UFC 266 мелдешинин алкагында эки титулдук беттеш болот", — деген Уайт.
Дагы бир титулдук кармаш жарым жеңил салмактын чемпиону Алекс Волкановски менен Брайан Ортеганын ортосунда өтөт.
Шевченко акыркы беттешинде 25-апрелде эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андраде менен чыгып, аны экинчи раундда нокаутка кетирип уткан
Ал эми анын кезектеги атаандашы 37 жаштагы Мерфи удаасы менен беш жеңишти камсыздап келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0