Жөө күлүктөр Кеңешбеков менен Жоломанов Беларустан төрт медаль алды. Сүрөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖөө күлүктөр. Архив
Жөө күлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Эки спортчу бир эле турнирде төрт башка дистанцияда чуркап, бир алтын, эки күмүш жана бир коло алышты. Мелдеш Минск шаарында өткөн.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандык жеңил атлетчилер Нурсултан Кеңешбеков менен Мусулман Жоломанов Беларусь чемпионатында төрт медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында өткөн.
Кыргызстандык ММА мушкери Тилек Машрапов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Кыргызстандык Тилек Машрапов ACA мушкерлер лигасы менен келишим түздү
Кеңешбеков 5000 метр аралыкка чуркагандар арасында биринчи, 1500 метр аралыкка жарышкандар арасында үчүнчү келип, алтын жана коло байгелердин ээси болгон. Ал бул аралыктарды 13 мүнөт 55,70 секундада жана 1 мүнөт 49,1 секундада багындырган.
Ал эми Жоломанов 1500 жана 800 метр аралыкка чуркап, экөөндө тең күмүш байгеге ээ болгон.
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында барган.
Жаңылыктар түрмөгү
0