22:08 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
144 0 0

Кыргызстандык оор атлетчилер федерациясынын вице-президентинин айтымында, Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарында.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтчү Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу кыргызстандык оор атлетчилер федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов Facebook баракчасына жазды.

  • Тяжелоатлет из Кыргызстана Бакдоолот Расулбеков со спортсменами и тренером
    Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтчү Олимпиада оюндарына лицензия алды
    © Фото / предоставлено директором СДЮСШОР Уланбеком Молдодосовым
  • Тяжелоатлет из Кыргызстана Бакдоолот Расулбеков со спортсменами и тренером
    Анын айтымында, Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарында
    © Фото / предоставлено директором СДЮСШОР Уланбеком Молдодосовым
1 / 2
© Фото / предоставлено директором СДЮСШОР Уланбеком Молдодосовым
Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтчү Олимпиада оюндарына лицензия алды

Анын айтымында, Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарында.

"Машыктыруучу Өмүржан Молдодосовго, оор атлеттер курама командасынын башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиевге Бакдөөлөт менен башынан бирге болуп, Олимпиадага даярдаганына ыраазычылык билдирем. Алар бирге узак жолду басышты", — деп жазган Молдодосов.

Ал кыргызстандык спортчуга ийгилик каалап, Олимпиададан алтын алышына тилектеш экенин билдирген.

Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)

Тема боюнча

Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот
Эралиев: Олимпиадага катышууга потенциалым бар болчу, өкүнөм
Белгилер:
олимпиада, лицензия, оор атлетика, спорт, Бакдөөлөт Расулбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ