https://sputnik.kg/20210611/futbol-myanma-kyrgyzstan-bettesh-darbazachy-zhok-1052815909.html
Дарбазага чабуулчу турат. Мьянмага каршы чыкчу КР футболчулары
Дарбазага чабуулчу турат. Мьянмага каршы чыкчу КР футболчулары
Sputnik Кыргызстан
Негизги курамга караганда башкы машыктыруучу Крестинин бүгүнкү беттеште төрт коргоочу, үч жарым коргоочу чыгарып, үч чабуулчуну киргизет. 11.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-11T12:45+0600
2021-06-11T12:45+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
кыргызстан
дүйнөдө
спорт
футбол
курама команда
япония
дүйнө чемпионаты
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0b/1052815977_0:70:1280:791_1920x0_80_0_0_fbf6216f3a5b79c202f832fc89a0b1fd.jpg
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы бүгүн Мьянма менен беттешке чыга турган курамды жарыялады. Бул боюнча Кыргызстандын футболдук союзунун социалдык тармактагы баракчасына чыкты. Голкиперлер четтетилгенине байланыштуу дарбазаны чабуулчу Эрнист Батырканов тосот. Мурдагы оюнда дарбазага турган Айзар Акматов бүгүн борбордук коргоочу болот. Кызыктуу жагдай, эзелтен жарым коргоочу болуп келген Бахтияр Дүйшөбеков ага көмөк көрсөтөт. Чабуулчу Турсунали Рустамов сол капталдагы коргоочу болсо, оң тарапты Александр Мищенко коргойт.Кыргызстан бул беттеште төрт-үч-үч схемасы менен чыгат, башкача айтканда, төрт коргоочу, үч жарым коргоочу жана үч чабуулчу болот.Улуттук курамда оюнчулар жетишпеген көйгөй жаралдыЭске салсак, улуттук команда 7-июнда 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголия менен беттешип, 1:0 эсебинде утулган. Тандоо этабынын калган оюндары ушул күндөрү борборлоштурулган форматта Япониянын Осака шаарында өтүп жатат.Кыргызстандын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип Монголия менен беттешке киргизилген эмес. Дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган. КФС белгилегендей, кыргызстандык айрым футболчулар оюндан четтетилгени беттешке эки саат калганда эскертилген.Маалым болгондой, коргоочулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев жана дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев бүгүн, 11-июнда, Мьянма менен беттеште да оюнга чыгышпайт. Откеев COVID жуктурган деп шектелгендиктен "кызыл" зонага, ал эми калгандар "сары" зонага алынган. Мындан сырткары, коргоочулар Тамерлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу ашыкча эскертүү алганы үчүн оюнга катыша албай калды.
https://sputnik.kg/20210611/kyrgyzstan-myanma-futbol-bettesh-1052814724.html
япония
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0b/1052815977_98:0:1235:853_1920x0_80_0_0_9c7c9b9fe90a52eba486233094b7bbed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, дүйнөдө, спорт, футбол, курама команда, япония, дүйнө чемпионаты
жаңылыктар, кыргызстан, дүйнөдө, спорт, футбол, курама команда, япония, дүйнө чемпионаты
Дарбазага чабуулчу турат. Мьянмага каршы чыкчу КР футболчулары
12:45 11.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Негизги курамга караганда башкы машыктыруучу Крестинин бүгүнкү беттеште төрт коргоочу, үч жарым коргоочу чыгарып, үч чабуулчуну киргизет.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы бүгүн Мьянма менен беттешке чыга турган курамды жарыялады. Бул боюнча Кыргызстандын футболдук союзунун социалдык тармактагы баракчасына чыкты.
Голкиперлер четтетилгенине байланыштуу дарбазаны чабуулчу Эрнист Батырканов тосот. Мурдагы оюнда дарбазага турган Айзар Акматов бүгүн борбордук коргоочу болот. Кызыктуу жагдай, эзелтен жарым коргоочу болуп келген Бахтияр Дүйшөбеков ага көмөк көрсөтөт. Чабуулчу Турсунали Рустамов сол капталдагы коргоочу болсо, оң тарапты Александр Мищенко коргойт.
Кыргызстан бул беттеште төрт-үч-үч схемасы менен чыгат, башкача айтканда, төрт коргоочу, үч жарым коргоочу жана үч чабуулчу болот.
- Борбордук жарым коргоочу Эдгар Бернхарт, ага оң жагынан Алимардон Шүкүров, сол жагынан Фархат Мусабеков көмөктөшөт.
- Абай Боколеев алдыңкы чабуулда. Мирлан Мурзаев менен Гүлжигит Алыкулов эки капталдан ойношот.
- Мустафа Юсупов, Ахлиддин Исраилов, Алмаз Маликов, Элдар Молдожунусов, Муролим Ахмедов жана Одилжон Абдурахманов запаста болушат.
Улуттук курамда оюнчулар жетишпеген көйгөй жаралды
Эске салсак, улуттук команда 7-июнда 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголия менен беттешип, 1:0 эсебинде утулган. Тандоо этабынын калган оюндары ушул күндөрү борборлоштурулган форматта Япониянын Осака шаарында өтүп жатат.
Кыргызстандын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип Монголия менен беттешке киргизилген эмес. Дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган. КФС белгилегендей, кыргызстандык айрым футболчулар оюндан четтетилгени беттешке эки саат калганда эскертилген.
Маалым болгондой, коргоочулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев жана дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаев бүгүн, 11-июнда, Мьянма менен беттеште да оюнга чыгышпайт. Откеев COVID жуктурган деп шектелгендиктен "кызыл" зонага, ал эми калгандар "сары" зонага алынган. Мындан сырткары, коргоочулар Тамерлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу ашыкча эскертүү алганы үчүн оюнга катыша албай калды.