31 жаштагы Союзбек Надырбеков Спорт агенттигинин жетекчисине орун басар болду

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган Союзбек Надырбеков
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган Союзбек Надырбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Жаңы жетекчи төрт окуу жайда билим алган. Консультант, координатор, кеңешчи, менеджер, уюштуруучу болуп иштеген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп Союзбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ага ылайык, Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Оштун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.
Руководитель Дирекции по олимпийским видам спорта Жоомарт Шамканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Радио
Шамканов: Олимпиадага жолдомо уткан спортчулар катуу көзөмөлдө
Жогорку билимдүү. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин эстрадалык вокал, Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин корей тили бөлүмүн бүтүргөн.
Андан кийин Кореядагы Чунг-Анг университетинин ички жана тышкы саясат багытында окуган. Ошондой эле президенттин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүп, аспирантураны улантууда.
Эмгек ишмердүүлүгүндө консультант, координатор, кеңешчи, менеджер, уюштуруучулукту аркалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0