"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты

© Фото / пресс-служба ФК "Кайрат"Полузащитник национальной сборной Кыргызстана и алматинского "Кайрата" Гулжигит Алыкулов
Полузащитник национальной сборной Кыргызстана и алматинского Кайрата Гулжигит Алыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2021
Жазылуу
Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубунда ойной баштаганына бир жылдан өттү. Буга чейин ал Беларустун "Неман" командасында болчу.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Алматынын "Кайрат" клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы келишимге ылайык, футболчу ал жакта 2023-жылдын аягына чейин ойноп, дагы бир жылга калып калууга мүмкүнчүлүгү бар.
"Кыргызстандык Месси" атыккан оюнчу "Кайратка" 2020-жылы беларустук "Неман" клубунан өткөн.
Эске салсак, Алыкулов быйыл Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" номинациясын эки ирет жеңип алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0