07:40 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
63 0 0

Кыргыз футболдук союзунун Судьялар комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров делегацияны жетектеп барып, оюндарга инспекторлук кылат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандык футбол калыстары кошуна Өзбекстан курама командасынын Гана жана Иран командаларына каршы жолдоштук беттешин тейлейт. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзу (КФС) кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Өзбекстан менен Гана командаларынын беттеши 26-мартта Наманган шаарында белгиленген. Дайырбек Абдылдаев (ФИФА калысы) бул оюнга башкы калыс болуп дайындалган. Ага капталдан Сергей Грищенко (ФИФА калысынын ассистенти) жана Исмаилжан Талипжанов (ФИФА калысынын ассистенти) көмөк көрсөтүшөт. Нурзатбек Аскат уулу (ФИФА калысы) резервдеги арбитр болот.

Ал эми 29-мартта Ташкентте өтүүчү Өзбекстан менен Ирак оюнунда Нурзатбек Аскат уулу башкы калыс болот. Ага капталдан Сергей Грищенко менен Исмаилжан Талипжанов жардам беришет.

Кыргыз футболдук союзунун Судьялар комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров делегацияны жетектеп барып, беттештерге инспекторлук кылары айтылды.

Тема боюнча

Кыргызстандан үч калыс ФИФАнын абройлуу тизмесине алынды
Белгилер:
тейлөө, калыс, Кыргыз футбол союзу, жолдоштук матч, Өзбекстан, футбол

ЭҢ МААНИЛҮҮ