Артём Новиков өспүрүмдөр спортун жайылтуу үчүн 6 тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешме учурунда
Биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешме учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Новиков Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ушунча жылдан бери спорттун түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жаткандыгы түшүнүксүз экенин айтып, сындады.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жок. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттөн билдиришти.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жо
Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жо - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жо
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттөн билдиришти
Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттөн билдиришти - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттөн билдиришти
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевНовиков спортту өнүктүрүү маселеси четте калганын белгилеген.
Новиков спортту өнүктүрүү маселеси четте калганын белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Новиков спортту өнүктүрүү маселеси четте калганын белгилеген.
1/3
Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жо
2/3
Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттөн билдиришти
3/3
Новиков спортту өнүктүрүү маселеси четте калганын белгилеген.
Новиков спортту өнүктүрүү маселеси четте калганын белгилеген.
"Адамдын ден соолугунун сактыгынын 50 пайызы анын кыймыл активдүүлүгүнөн көз каранды. Балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү маселеси четте калууда. Статистика көрсөткөндөй, 2016-жылдан тарта спорттук объектилердин саны бир нече эсеге кыскарган. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ушунча жылдан бери спорттун түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жаткандыгы түшүнүксүз", — деди вице-премьер.
Новиков программа жана долбоорлордун көпчүлүгү иштебейт.
"Мисалы, өкмөттүн "2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы спорт" программасынын биринчи пункту катары тегиз аянттарды куруу милдети коюлган жана анда каржылоо булагы да көрсөтүлгөн. Биздин чечимдер кагазда гана калып, ишке ашырылбай жаткандай туюлат", — деди ал.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын март айынын соңуна чейин төмөндөгүлөрдү аткаруу тапшырылды:
  • бардык спорт аянттарын жана залдарды инвентаризациядан өткөрүү, спорт объектилерин куруу жана оңдоо зарыл болгон объектилердин тизмесин даярдоо;
  • балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында сунуштарды киргизүү;
  • 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мектеп спортун өнүктүрүү боюнча "Мектеп лигасы" биргелешкен долбоорун ишке киргизүү;
  • спортту өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча ишти активдештирүү;
  • 2021-жылдын март айынын соңуна чейин балдардын машыгуусу үчүн мектептердин жана мамлекеттик агенттиктин машыктыруучулары менен кызматташууну калыбына келтирүү механизмин даярдап чыгуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги спорттук объектилерге карай балдардын акысыз түрдө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
Жаңылыктар түрмөгү
0