Көк бөрү: жогорку лига командаларынын оюндары башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКок-бору боюнча мелдеш. Архив
Кок-бору боюнча мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2021
Жазылуу
Жогорку лиганын оюндарына чүчү кулак 16-март күнү тартылып, атаандаштар аныкталат. Лигада алты команда таймашат.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн, 16-мартта, Нооруз майрамына карата Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган Көк бөрү боюнча ачык чемпионат мелдешинде жогорку лигадагы командалардын атаандаштары аныкталат. Бул тууралуу аталган спорттун улуттук федерациясы билдирди. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Федерация Көк-Бөрү (@kokboru_federation)

Оюндар Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтөт. Бүгүн чүчү кулак тартылып, атаандаштар аныкталат. 
"Жогорку лигада "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн", "Жаш күч", "Мурас" жана "Ала-Тоо" командалары таймашат. 16-мартта чүчү кулак тартылып, атаандаштар аныкталат. 17-март күнү тайпалык оюндар башталат", — деп айтылат маалыматта.
Нооруз майрамынын урматына өтүүчү көк бөрү мелдеши 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0