17:10 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
94 0 0

Федерация мелдеш Кыргызстанга туристтерди жана спортчуларды кызыктырып, өлкөнүн имиджине пайда алып келет деп үмүттөнөт.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Өлкөнүн Триатлон федерациясы Кыргызстанда Азия чемпионатын өткөрүү боюнча аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты аталган мекеме Instagram баракчасына жазды. 

2020-жылдын аягында Азия триатлон конфедерациясы Спринт дистанциясы боюнча континенттин чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүнү чечкен.

Бул континенттеги профессионал спортчулар үчүн маанилүү мелдеш болуп саналат. Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай ири масштабда саналуу гана мелдеш өткөн. Өлкөнүн Триатлон федерациясы Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте буга карата даярдыктарды көрүп жатканы айтылат.

"Мелдештин деңгээли бийик болгонуна жараша анын бюджети да чоң. Аны каржылоо маселесин Жогорку Кеңештин депутаты, федерациянын президенти Бактыбек Турусбеков өкмөттө көтөрүүдө. Депутат анын аткарылышын да көзөмөлгө алат", — деп айтылат маалыматта.

Федерация мелдеш Кыргызстанга туристтерди жана спортчулардын кызыктырып, өлкөнүн имиджине пайда алып келет деп үмүттөнөт.

Кыргызстанга белгиленген жарыштын күнү, өтө турган жери азырынча аныктала элек.

Тема боюнча

Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү жакыр жашайт
Бишкекте дзюдо боюнча Азия чемпионатын өткөрүү даярдыгы талкууланды
Быйыл кыргызстандык спортчулар 15 эл аралык мелдешке катышат. Тизме
Белгилер:
триатлон, Азия чемпионаты, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ